Аргентинанын суу астында жүрүүчү кемеси 9 күндөн бери дайынсыз болууда

Мындан 9 күн мурун Атлантика океанында жоголуп кеткен аргентиналык "Сан-Хуан" суу астында жүрүүчү кемедеги экипаж мүчөлөрү тирүү табылат деген үмүт өчтү. Мындай маалыматты Евроньюс жазды. Тактап айтканда, кеменин ичиндеги кычкылтектин запасы бир аптага гана жетмек дешет тиешелүү кызматтан. Ошондой эле кемеде жарылуу болушу мүмкүн деген божомолдор бар. Кемеден борбордук кеңсеге акыркы жолу сигнал ал океандын жээгинен 480 чакырым алыстыкта жүргөн учурунда келген.

"Бул окуя терең иликтөөнү талап кылат. Жакында эле пландуу оңдоп-түзөөдөн өткөн, абалы эң мыкты кемеде жарылуу болушу мүмкүн эмес болчу", - дейт Аргентинанын президенти Маурисио Макри.

Анткени менен экипаж мүчөлөрүнүн үй-бүлөлөрү бийликке учурунда чара көрүп, кеменин жоголуп кетүүсүнүн себептерин аныктабай жатканына нааразычылыктарын билдиришүүдө.

Кемедеги экипаж мүчөсүнүн биринин атасы: "Мен дагы деле үмүттөнүп жатам. Жок дегенде кеменин жоголуп кетишинин себептерин аныктап беришер деп жатабыз. Биздин бийлик деле башка өлкөлөрдүн бийликтегилери сыяктуу эле өздөрүн гана ойлошот", - деген маалымат каражаттарынын бирине.

Үмүттөр өчкөнүнө карабай, суу астындагы кемени издөө иштери уланууда. Ага дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн да жардамга барышууда. Алсак, Орусия бүгүн, 25-ноябрда Комодоро-Ривадавия шаарына АН-124 учагы менен деңиз-аскер флотунун адистерин жөнөттү.

Суу астында жүрүүчү кеме акыркы жолу 15-ноябрда байланышка чыккан. Ал Ушуайя портунан Мар-дель-Платага бараткан аралыкта көзөмөлдөн чыккан. Кеменин бортунда 44 экипаж мүчөсү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
General.kg
2017-11-26 00:13:46
АЛЛАХЫМ сактай көр. Аман эсен табылса экен
+5
dobrajelatel
2017-11-26 00:23:32
Аман-эсен табылып калса экен.
+4
zzz---zzz
2017-11-26 04:03:23
Мен ойлоймун откондо кайсыл Бир теле каналдан дениздин жээгине кок киттин олгону жонундо корсотту эле бул кантип олду деп мен ойлоймун суу астында журчуу кеменин парасы кескилеп Кемерово сууга чогуп ал эми кит жээке чыгып калгонго.
+3
Lekarstvosvoegomuja
2017-11-26 13:12:43
Бермудский треугольнике кирип кеткен жокпу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан