Сальвадорлук боксчу беттеш учурундагы соккудан улам көз жумду

24 жаштагы сальвадорлук боксчу Франсиско Руис беттеш учурундагы соккудан улам көз жумган. Бул тууралуу BoxingScene басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, 18-ноябрь күнү Сан-Сальвадордо Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын колдоосу менен беттеш өткөн. Анда Руис менен атаандашы Рикардо Кортес рингге чыгып, 8-раундда Кортес Руисти көздөй сокку жасаган. Жыйынтыгында Руис башы менен катуу кулап, эсин жоготкон. Ал жактагы дарыгерлердин жардамынан натыйжа чыкпагандыктан дароо жергиликтүү ооруканалардын бирине жеткирилген. Дарыгерлер жасалма дем алдыруучу аппаратты колдонушканы менен, боксчу бир канча күн эсине келген эмес. Кийин дарыгерлер спортчунун баш мээси иштебей токтоп калганын байкашкан соң, жигиттин жакындарынын макулдугу менен жасалма дем алдыруучу аппаратты өчүрүшкөн.

Белгилүү болгондой, спортчуну акыркы сапарга узатуу зыйнатын жана ага керектелүүчү каражатты Дүйнөлүк бокс ассоциациясы өз моюнуна алат.

Франсиско Руис - карьерасында алгачкы жолу 8 раунддук беттешке чыккан. Ал буга чейин 4 раунддан турган 3 беттеште ийгиликке жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Akyl78.1501
2017-11-26 12:03:00
Спорттун пайдасы
-8
Azatbek83
2017-11-26 16:18:30
Akyl78.1501,Спорттун пайдасын спортсмен билет.Насывай сигарет арак ичип жургондон коро.Спорт ден-соолукка пайдалуу.Спорттун турлору менен машыгып туруш керек.Ажалын жетсе бугун ажо болсода кете берет.Бул бугун экс ажо же ажо же чемпион деп карап олтурбайт.Тооба кылыш керек.
+2
General.kg
2017-11-26 13:02:02
Доканса туруптур да :(
-11
Karaan
2017-11-26 13:10:05
General.kg,До конца болуп жазылат
+8
General.kg
2017-11-26 13:16:59
Karaan, орусчага майда жок эле эми эсте болот! :)
-6
Nur555n
2017-11-26 13:58:53
Жанылыктардан силердин коментинер ашып отот экен
+6
Bek_abad
2017-11-26 15:38:27
Спорт учун жанын берген бала болуптур ((
+3
Nurik.1100
2017-11-26 18:46:20
Bek_abad, туура айтасын...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан