Ырчы Кенже Көбөкова Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төш белгиси менен сыйланды

Белгилүү ырчы Кенже Көбөкова Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчы өзү билдирди.

"Кечээ борбордо "Эл шайырлары" тобунун концерти болуп өттү. Ал жакта ырдап, анан кыскача роль да аткаргам. Ошол учурда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү сахнага чыгып, маданиятка жана адабий тилди өнүктүрүүгө кошкон салымым үчүн атайын төш белги менен сыйлашты. Чынында күтүүсүз болду, абдан кубандым. Буга чейин "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин алган болчумун", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kalima88
2017-11-26 19:46:38
Кут болсун, эже!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан