Бүгүн, 26-ноябрда Бишкектин четинде жол кырсыгы катталып, айдоочу 17 жаштагы уулу менен каза болуп, айдоочунун жубайы оор абалда аймактык ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Чүй облустук Патрулдук милициянын басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди.
"Кырсык бүгүн саат 11:40та Бишкек-Кара-Жыгач жолунун үчүнчү чакырымында катталган. Бул жерде айдоочу Toyota Windom үлгүсүндөгү унаа менен жогорку ылдамдыкта келе жатып, башкарууга ээ боло албай калгандыктан унаа жол жээгиндеги даракка урулган. Жол кырсыгынын кесепетинен 1968-жылы туулган айдоочу жана анын 17 жаштагы уулу окуя болгон жерден каза болгон. Жүргүнчү катары келе жаткан айдоочунун аялы аймактык ооруканага "Тез жардам" унаасы менен жеткирилди. Бул жол кырсыгы боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иши башталды", - деди Исаев.