Кыргыз мушкери Самат Эмилбеков ММА жана кикбокс боюнча эл аралык турнирде 35 секундда Дүйнө чемпиону аталды. Бул тууралуу спортчунун машыктыруучусу Эмил Токтогонов интернеттеги социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү.
"Самат Эмилбеков Megdan Fight спорттук уюмунун версиясы менен Дүйнө чемпиону аталды. Ал өзбекстандык мушкер Султан Калахунов менен беттешип, алгачкы раунддун 35-секундасында техникалык сокку менен атаандашын жеңип алды", - деген ал.
Белгилүү болгондой, беттеш кечээ, 25-ноябрда Сербиянын Нови-Сад шаарында болуп өткөн.