Медиа-порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө ырчы Кайрат Примбердиевдин аткаруусундагы сөзү, обону экс-президент Алмазбек Атамбаевге таандык "Күзгү вальс" ырынын видеосу жүктөлдү. (Ник: Latyshka)
Ырдын таржымалы тууралуу маалымат алуу үчүн ырчынын жубайы жана менеджери Эльвира Бегалиева менен байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык.
"Ырдын бет ачары бүгүн, 26-ноябрда болуп өттү. Клип жана ыр боюнча азырынча эч кандай комментарий бере албайбыз", - деди ал.
Эске сала кетсек, ырчы Кайрат Примбердиев буга чейин экс-президент Атамбаевге таандык "Рита", "Судьбе назло" ырларын аткарган.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.