Бишкек-Торугарт жолундагы Кубакы ашуусунда жеңил машина көпүрөдөн кулап, 4 адам каза болду. Арасында бир жашка толо элек наристе да бар (фото)

Бишкек-Торугарт жолундагы Кубакы ашуусунда жеңил машина сууга кулап, 4 адам каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 26-ноябрда SUPER.KG порталына Патрулдук милиция башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн Бишкек-Торугарт жолунун 169-чакырымында Кубакы ашуусунан түшө берген жерде болгон. Анда айдоочу Тойота Карина үлгүсүндөгү машинаны башкара албай калып, унаа жолдон чыгып, көпүрөдөн сууга түшүп кеткен.

Анын кесепетинен 1964-жылы туулган Ж.М. аттуу айдоочу, 1964-жылы туулган Т.Д. (аял киши), 1990-жылы туулган М.К. (аял киши) жана 2017-жылы төрөлгөн кыз каза болгон. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
temirov76
2017-11-26 22:01:55
Өлкөбүзгө эмне эле болду,күнүгө эле ушундай кабар?
+7
010288
2017-11-26 22:05:52
Кудай ииий тынч жашайлычы
+3
madina.87
2017-11-26 22:21:52
Ай байкуштар ай.
Бугун дагы кырсык!
наристеде эмне куноо (((((
бейишин берсин баарынын.
+4
Pandora
2017-11-26 22:38:11
Кудайым ий,не деген жашоо болуп баратат? Кунуго кырсык,кунуго адамдар каза болуп бир эмес бир нече адам бирдениге каза болуп
+2
nur...nur.
2017-11-26 23:42:25
Тынчылык качан болот экен
+1
sofia.1994
2017-11-27 02:10:57
Башка элдерде сел болду,башка болду деген менен биздеги аапаттар ошондой эле болуп калды. Күндө болбоду дегенде 2 авария. Эмне болуп жатабыз! Бул да болсо элибизде ынтымактын, биримдиктин жоктугу. Чоңдордун негизги бөлүгүнүн (баары эмес) байлыгы,жеген ичкени коррупция. Элдер кредит менен жан бакмай болуп калды. Деги арам каптады. Ошонун кесепетинен элибиз көбөйгөндүн ордуна күндө кырылып жатат. Оо Жараткан Аллахым . Өзүң бизди кечир. Коомубузга адал жол бере көр
+3
saxalinskaya
2017-11-27 02:57:51
Жол кырсыктарынан эле канчалаган омурлор кыйылып батат.Кун сайын жол кырсыгынан бир эмес бир нече адам наабыт болууда.Машина айдаган айдоочуларга кайрылат элем:шашпай айдагылачы,узак жолго чыгаарда жакшылап эс алып анан чыккыла,праваны сатып эмес окуп алгыла. Азыр ушунча болсок,эртен кышта жолдор тайгалак,муз болгондо кандай болот?Унутпагыла силер бир эмес бир нече адамдын омуруно жооптуусунар.
+3
nur72
2017-11-27 05:27:56
жакындарына сабыр
0
Aidar151080
2017-11-27 06:33:18
Бул вадилалар кырып жок кылбаса экен. Жүрөк ооруйт турган болду го машинага олтуруу.
0
Kamolovna
2017-11-27 07:55:24
булар баары бир уй булоо эле. ата энеси, кызы, небереси. :(((
0
kyrgyzsaram
2017-11-27 10:30:24
Ушунун баарына биздин атка минерлер куноолуу. Жолдорду кенен, торт полоса каршы тилкеге чыкпай турган кылып тосмолорду коюш керек болчу. Тилекке каршы 120 кой, аташка мындай нерселерди ойлонгон дагы жок. Кыйратып койгонсуп баатыр деген алыптыр.
0
anandi
2017-11-27 17:50:57
нарындык семьялар эле бейишин берсин кудайым!эми боодо кырсыктан сактасын ий аман бололукчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан