Кыргыз балбаны Улукбек Жолдошбеков Казакстанда өткөн Динмухамед Кунаевдин элесине арналган күрөш боюнча эл аралык мелдешинде коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынан маалымдашты.
Маалыматка караганда, Улукбек Жолдошбеков 57 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн. Ал көңүл жубатуучу беттештерде жеңишке жетип, коло медалын тагынды. Байгелүү орунду камсыздаганы үчүн 1 миң долларга ээ болду.
57 килограммга чейинки салмак категориядагы жеңүүчүлөр:
1-орун: Заур Угуев (Орусия);
2-орун: Абасгажи Магомедов (Орусия);
3-орун: Улукбек Жолдошбеков (Кыргыз Республикасы);
3-орун: Мухамбет Куатбек (Казакстан).