Шашылыш билдирүү! Сокулуктагы камактан качкан 4 адам изделүүдө (фото)

Бүгүн, 27-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында камакта отурган 4 киши качып кеткендигин ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Качып кеткен 4 киши “каракчылык” жана “киши өлтүрүү” беренелери менен кылмыш ишине шектелип кармалышкан. Азыркы тапта ИИМдин жана Чүй ОИИББинин ыкчам иликтөө кызматкерлери качып кеткен кылмышка шектүүлөрдү издөө иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүдө. Ал эми Бишкек ШИИББи тарабынан “Колго түшүрүү” операциясы жарыяланды”, - деп билдирди ИИМдин маалымат кызматы.

Бүгүн, 27-ноябрь күнү Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайынан “Каракчылык”, “киши өлтүрүү” беренелери боюнча айыпталган 4 киши качып кеткен. Качып кеткен кылмышка шектүүлөр төмөнкүлөр:

1. Аты-жөнү: Базаркулов Рамиль Муктарбекович

Туулган жери: Чүй облусу, Сокулук району

Туулган жылы, күнү: 1967-жыл, 16-июль

Качарда кийген кийимдери: кара түстөгү шым, жеңи жок күрмө, бут кийим. “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча айыпталып жаткан.

2. Аты-жөнү: Ачылдурдиев Багтият Турдукулович

Туулган жери: Түркмөнстан өлкөсү

Туулган жылы, күнү: 1985-жыл, 22-январь

Качарда кийген кийими: ак түстөгү кепка, көк түстөгү жинсы күрмө. “Каракчылык”, “документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу, зыянга учуратуу же жашыруу”, “мулктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелери боюнча шектелип жаткан.

3. Аты-жөнү: Дилдешов Бакыт Чыныбекович

Туулган жери: Талас облусу

Туулган жылы, күнү: 1979-жыл, 4-март

Качарда кийген кийими: кара түстөгү топу жана күрмө. “Каракчылык” беренеси боюнча айыпталып жаткан.

4. Аты-жөнү: Жанботоев Кайрат Байызбекович

Туулган жери: Чүй облусу

Туулган жылы, күнү: 1989-жыл, 23-сентябрь

Качарда кийген кийими: кара түстөгү жеңи жок күрмө. “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча айыпталып жаткан.

Эгерде сүрөттөгү адамдарды көргөндөр же кандайдыр бир маалыматы бар адамдар болсо: 0312 43-88-91, 0312 43-88-85 номерлери аркылуу Чүй ОИИББине же ИИМдин 0312 66-23-31 нөөмөт бөлүмүнө байланышып, маалымат айтса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Medinaa
2017-11-27 12:51:27
Мынча коркунучтуу түстөрү(Үчүнчүсүнүн башына телефон коюп койгонбу?
+4
qwert123
2017-11-27 19:15:13
степлер
0
Pandora
2017-11-27 12:52:28
Учунчу суроттогу адамдын башына неге темир койуп койгон(аты эсимде жок)?
+3
ularik_kg
2017-11-27 13:08:57
Козунор жумуп качырып жиберип калп эле бизди алдап жатасынарбы, озунор кармап алгыла!
+5
meerim01
2017-11-27 13:15:59
Бул охраналаргада акча керек да
0
keba300989
2017-11-27 13:20:03
Милиция кызматкерлердин кайсыл болугун жок кылабыз дегендей болуш деле депутаттар, ошого оюн уюштурбады бекен министрлер. дагы билбедим
+1
Bolotbek1991
2017-11-27 13:38:51
Кандай тергоо абагынан чыгып кетет акча таштаганда
+1
nur_92
2017-11-27 14:33:51
Булда бир пияр элди алаксытуу учун
-3
mbk
2017-11-27 15:18:45
Суроттогу фамилялар менен жазылган фамилялар туура келбейт экен
0
Hut.81kg
2017-11-27 15:43:53
Жаман эле болуптур
0
Bek_abad
2017-11-27 16:00:45
4 квадрат жердеги адамды эптеп кармап отура албаган силер кантип бир мамлекеттен табасынар?
+6
kairatroza
2017-11-27 16:49:19
Учунчу суроттогу кишинин башында темир эмес
Суроттун делодо тиркелип турган жеринен тартылыптыр (степлердин огу экен)
+2
xnurgul_gul
2017-11-27 19:36:19
Бизде Кыргызстан да турмоканалар эмне тешикпи башты оорутпагылачы чынында Кыргызстан да жашаш кыйын болуп баратат кундон кунго
+1
karakulja
2017-11-27 19:40:44
Бекинбечек ойноп атышса керек да менттер мн.
+1
Shahrizaada
2017-11-28 00:11:31
Төртүнчү турган бала дегеле кылмышкердей көрүнбөйт экен,көздөрү жайнап.Кантип адашып кылмышка аралашты экен,ичин ачышатго. Калган үчөө даана канкорлордой кебетеси.
+1
Malik92
2017-11-28 00:21:04
Көздөрүн жаап койбопсуңар да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан