Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда 24-26-ноябрь аралыгында өткөн оор атлетика боюнча эл аралык мелдештин жыйынтыктары чыкты.
Аталган мелдеш, олимпиаданын чемпиону, Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону, Европа жана СССРдин 2 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевге арналган. Ага Кыргыз Республикасынын аймактарынан, Казакстандан, Тажикстандан келген жалпы 121 спортчу катышып, байгелүү орундар үчүн таймашты.
Эркектер арасындагы жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
56 килограмм салмак ченинде:
1-орун: Искендер Саламатов (Кыргыз өлкөсү);
2-орун: Чойбек Сартбаев (Кыргыз өлкөсү);
3-орун: Кайнар Гайдар (Казакстан).
62 килограмм салмак ченинде:
1-орун: Кадырбек Айтпеков (Кыргыз өлкөсү);
2-орун: Сымбат Дөөлөтбек уулу (Кыргыз өлкөсү);
3-орун: Руслан Пашкин (Казакстан).
69 килограмм салмак ченинде:
1-орун: Рустам Тажидинов (Кыргыз өлкөсү);
2-орун: Руслан Цхай (Казакстан);
3-орун: Нурдос Мунарбек уулу (Казакстан).
77 килограмм салмак ченинде:
1-орун: Асылжан Бектай (Казакстан);
2-орун: Еламан Сейтказы (Казакстан);
3-орун: Адилет Жанибеков (Кыргыз өлкөсү).
85 килограмм салмак ченинде:
1-орун: Тилектес Рауыл (Казакстан);
2-орун: Ерасыл Кенесбаев (Казакстан);
3-орун: Сергей Комышев (Кыргыз өлкөсү).
94 килограмм салмак ченинде:
1-орун: Айбек Жэнибеков (Казакстан);
2-орун: Бекдөөлөт Расулбеков (Кыргыз өлкөсү);
3-орун: Чингиз Сагындыков (Казакстан).
105 килограмм салмак ченинде:
1-орун: Алихан Шайхидинов (Казакстан);
2-орун: Азат Таштанбеков (Кыргыз өлкөсү);
3-орун: Денис Квашин (Казакстан).
105 килограммдан жогору салмак ченинде:
1-орун: Ердос Сайлау (Казакстан);
2-орун: Вячаслан Шайнуров (Кыргыз өлкөсү);
3-орун: Руфат Утешев (Казакстан).
Кыз-келиндер арасындагы жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
48 килограмм салмак ченинде:
1-орун: Татьяна Усурова (Кыргыз өлкөсү);
2-орун: Анастасия Понамарчук (Кыргыз өлкөсү);
3-орун: Алёна Деркач (Кыргыз өлкөсү).
53 килограмм салмак ченинде:
1-орун: Юлия Потасова (Казакстан);
2-орун: Александра Лачкова (Казакстан);
3-орун: Азиза Адылбек кызы (Кыргыз өлкөсү).
58 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Гүлнура Мейманова (Кыргыз өлкөсү);
2-орун: Галина Куслина (Кыргыз өлкөсү);
3-орун: Татьяна Власова (Кыргыз өлкөсү).
63 килограмм салмак ченинде:
1-орун: Зухра Курманаева (Кыргыз өлкөсү);
2-орун: Кристина Крахалева (Казакстан);
3-орун: Акмарал Асанбек кызы (Кыргыз өлкөсү).
69 килограмм салмак ченинде:
1-орун: Айзат Савренова (Казакстан);
2-орун: Раушан Чолпонбек кызы (Кыргыз өлкөсү);
3-орун: Арай Нурлыбекова (Казакстан).
75 килограмм салмак ченинде:
1-орун: Канымжан Алмазбек кызы (Кыргыз өлкөсү);
2-орун: Афина Фаражулаева (Казакстан).
75 килограммдан жогору салмак ченинде:
1-орун: Амина Биктыбанова (Казакстан);
2-орун: Айгерим Самарбек кызы (Кыргыз өлкөсү);
3-орун: Амаль Сарыбаева (Кыргыз өлкөсү).