Бишкек ШИИББи: "Депутаттын кызын бычактагандар кармала элек"

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоевдин кызына кол салгандар кармала элек. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Адыл Оморов билдирди. Эске салсак, окуя 24-ноябрда Бишкек шаарындагы 12-кичи районунда саат 20:30 чамасында орун алган.

"Депутаттын 17 жаштагы кызын үйүнө жакындап калганда белгисиз адамдар ага кол салышкан. Кыз каршылык көрсөткөндө, алар анын сол бутуна эки жолу бычак менен сайып, баштыгын тартып алып качып кетишкен. Ошондой эле кыз жерге жыгылганда баш сөөгүнөн жаракат алган экен. Учурда кылмышкерлер изделүүдө, кармала элек", - дешти Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы.

Ал эми депутат Кенжебек Бокоевдин жардамчысы SUPER.KG порталына “Депутаттын кызынын абалы жакшырып калды. Учурда ал ооруканада дарыланууда”, - деген маалыматты билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан