Жеке жашоосу жашыруун болгон британиялык актёр Том Харди алгачкы ирет интернеттеги социалдык тармакка катталды

Британиялык белгилүү актёр Том Харди алгачкы ирет интернеттеги социалдык тармакка катталды. Бул жаңылык анын канчалаган күйөрмандарын кубандырууда. Себеби актёрдун жеке жашоосу эң жашыруун деп саналат. Тактап айтканда, ал 2014-жылы үйлөнгөнү менен коомчулукка үлпөт тойдон бир да сүрөт тараган эмес. Уулу 2 жашка чыкса да, анын ысымы азыркыга чейин журналисттерге белгисиз. Мындан улам анын социалдык тармакка катталуусу көпчүлүк үчүн күтүүсүз болуп, таң калууну жаратты. Актёрдун күйөрмандары эми социалдык желе аркылуу кумиринин жеке жашоосу тууралуу кенен маалымат алууга болоруна үмүттөнүшүүдө.

Белгилей кетсек, ушул кезге чейин социалдык тармакка каттала элек белгилүүлөрдүн катарын Анжелина Жоли, Брэд Питт, Женнифер Лоуренс, Скарлетт Йохансонн жана башкалар толукташат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан