Лас-Вегаста өткөн "Аалам сулуусу-2017" сынагы аягына чыгып, Түштүк Африка Республикасынын 22 жаштагы сулуусу жеңүүчү аталды.
Маалым болгондой, сынакка дүйнөнүн 89 өлкөсүнөн келген кымча белдүү кыздар катышып, алар "Мыкты кече көйнөгү", "Мыкты тулку бой", "Жашоо стили", жана "Таланттар таймашы" сынактары боюнча ат салышкан. Жыйынтыгында Түштүк Африка Республикасынын 22 жаштагы жараны Деми-Ли Нель-Питерс жеңүүчү аталган. Ал эми 2-орунду Колумбия, 3-орунду Ямайканын сулуулары багындырышкан.
Белгилей кетсек, аталган сынак 1952-жылдан бери өткөрүлүп келет. Сынактын жеңүүчүсү аталган сулуу бир гана баалуу таажыга ээ болбостон, 1 жылга чейин Нью-Йоркто акысыз жашоого жана дүйнө кезип ар түрдүү кайрымдуулук кечелерге катышууга мүмкүнчүлүк алат.