Бишкекте өткөн ордо боюнча өлкө чемпиондугун Таластан келген команда жеңип алды

Бишкек шаарында 24-27-ноябрь күндөрү өткөн ордо боюнча өлкө чемпиондугунда алдынкы 2 орунду Талас облусунан келген командалар жеңип алышты. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, аталган мелдешке өлкөнүн 7 облусунан, Бишкек жана Ош шаарларынан оюнчулар келип, өз ара таймашкан. Курама командада 8 оюнчу жана 1 машыктыруучу болду.

Жеңүүчүлөр медалдар жана дипломдор менен сыйланды.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

1-орун: Талас облусу 2-командасы;

2-орун: Талас облусу 1-командасы;

3-орун: Бишкек шаары 1-командасы;

4-орун: Чүй облусу 1-командасы;

5-орун: Ош облусу 1-командасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан