Орусияга аткезчилик жол менен тамеки ташылып жаткан факт аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 27-октябрда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкектеги кампалардын биринде Тажикстандын акциздик үлгүлөрүндөгү тамекилер табылган. Соода-өнөр жай палатасынын корутундусуна ылайык, табылган тамеки продукциясынын жалпы суммасы 359 миң 908 сомду түздү.
Бул факты боюнча "аткезчилик" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда.