Бүгүн, 27-ноябрь күнү Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында камакта отурган 4 киши качып кеткен окуя боюнча Сокулук райондук прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
“Сокулук РИИБинин кызматкерлеринин кызматтык жоопкерчилиги боюнча Сокулук райондук прокуратурасы иликтөөдө. Окуяга юридикалык баа берилип, иликтөөнүн жыйынтыгында тиешелүү милиция кызматкерлеринин кызматындагы шалаакылыгы далилденсе, алар сөзсүз түрдө мыйзам алдында жооп берет”, - дейт Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.
Эске салсак, бүгүн, 27-ноябрда таңкы саат 6:00 чамасында Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайынан “каракчылык”, “адам өлтүрүү” беренелери боюнча айыпталган кылмышка шектүү 4 киши камактан качып кеткен. Алар кармала элек, азыркы тапта издөө иштери уланууда.