Жер Ортолук деңизинде акулалардын кол салуусунан 31 мигрант көз жумуп, 40тан ашуун киши дайынсыз жоголду

Жер Ортолук деңизде акулалар африкалык мигранттарга кол салып, натыйжада 31 киши каза таап, 40тан ашуун киши дайынсыз жоголууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Алардын маалыматы боюнча окуя 25-ноябрь күнү Ливия өлкөсүнө жакын аймакта болгон. 200гө чукул Сомали, Гана, Нигерия жана Эфиопия өлкөлөрүнүн мигранттары 2 кайык менен Жер Ортолук деңиз аркылуу Италияны көздөй сапар тартышкан. Бир маалда 2 кайыктын бири чөгүп кетип, сууга кулаган кишилерге акулалар кол салышкан. Окуя болгон жерге барышкан Ливия өлкөсүнүн куткаруучулары деңизден 10догон адамдын жансыз денелерин жана алардын арасында сүзүп жүргөн 4-5 акуланы көрүшкөн. Каза болгон адамдардын денесинен акуланын тиштеринин изи табылган. Ливия өлкөсүнүн куткаруучулары 60 кишини куткарышкан соң 5 сааттан ашуун дайынсыз жоголгондорду издешип, жыйынтыгында 1 гана кишинин денесин табышкан. Ал эми экинчи кемедеги кишилер тирүү калышкан. Тирүү калгандарды Триполидеги деңиз аскерлеринин базасына жайгаштырышкан.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматына таянсак, 2017-жылдын январь айынан июль айына чейин ар өлкөдөн 103 миңге чукул мигрант Европа өлкөлөрүнө баруу үчүн Жер Ортолук деңизи аркылуу өтүшкөн жана 2 300гө чукулу орто жолдон каза болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
aibars
2017-11-28 00:02:39
Окунучтуу аябай, орто жолдо акулаларга жем болуп. Бактылуу жашоону коздоп жол тартышканда. Эмнеси болсода адамзат аман болсунчу.
+7
Bakyi
2017-11-28 06:15:27
Сомалиден Абдуллах деген досум бар эле
Кичи пейил,школат бала болчу Азыр кайда
болду экен..? Эсен аман эле болсун! Кудайым!
-1
Kylymbek_isakulov
2017-11-28 00:20:00
Жаман болгон экен жаткан жерлери жайлуу болсун
+1
Medinaa
2017-11-28 00:26:54
Кинодогудай болуптур го((
+1
Beks.Kasymov
2017-11-28 00:29:24
е ушу Африка сафрикада туулуп калбаганыма суйуном( алар деле адамго дечи) нендурайн озумун Ошуман отоору йогозу
+14
aibars
2017-11-28 00:43:37
Beks.Kasymov, Отоору жок озу деп жазчы, кыргыз тилин булгабай.
+12
Sharipa-asia
2017-11-28 00:37:17
Өлсөн да сөөгүн аман жерге берилсе экен, кандай гана өкүнүчтүү!
+3
dobrajelatel
2017-11-28 01:13:35
Дааа. Шугур кылам мен да бейиштей жерде туулганыма
+2
Samina007
2017-11-28 01:52:15
Былтыр 3жашар баланын өлүгүн деңиздин жеегинен табышканда,ушунчалык зееним кейиген сүрөтүн көрүп атасы чөгүп бараткан балама бара албай койдум дегендечиии...
+3
aikomir
2017-11-28 06:00:29
"Бир маалда" деп кой.
+1
portugalia
2017-11-28 10:57:36
Элестетип коруу да коркунучтуу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан