Бишкекке жакын жерде Сокулуктагы РИИБден качып кеткендердин экөө кармалды

Бишкекке жакын жерде Сокулуктагы РИИБден качып кеткендердин экөө кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы өздүк булак билдирди.

Алдын ала маалыматка караганда, бир аз мурун Бакыт Дилдешов менен Рамиль Базаркулов Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Бакыт ДилдешовРамиль Базаркулов

Айта кетсек, 27-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында камакта отурган 4 киши качып кеткен. Алар “каракчылык” жана “киши өлтүрүү” беренелери менен кылмыш ишине шектелип кармалышкан. ИИМдин жана Чүй ОИИББинин ыкчам иликтөө кызматкерлери качып кеткен кылмышка шектүүлөрдү издөө иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүдө. Ал эми Бишкек ШИИББи тарабынан “Колго түшүрүү” операциясы жарыяланган болчу.

Азыркы тапта Багтият Ачылдурдиев менен Кайрат Жанботоев изделүүдө.


Кайрат ЖанботоевБагтият Ачылдурдиев

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
maks94.kb
2017-11-28 04:45:57
Жакшы экен кармалса
+2
Aznazalai
2017-11-28 07:59:09
Каерден кармашты экен
0
Krai
2017-11-28 09:54:58
Точно кармашты бекен же кармадык деп коюштубу
0
Oreanda
2017-11-28 12:14:13
Кантип жана кимдин жардамы менен качып чыгышканын да айтышса болмок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан