Волейбол боюнча Кыргыз курама командасынын капитаны Оңол Каныбек уулу Таиланддын чемпиондугунда ойноп, катары менен 3-жолу жеңишке жетти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, 26-ноябрда Таиланд лигасынын 3-турунда Оңол Каныбек уулунун командасы "Эйр Форс", "Кхонкаен" командасы менен беттешкен. Анда "Эйр Форс" командасы атаандашын 3:0 эсебинде жеңип, 3 упайга ээ болду. Оңол Каныбек уулу негизги курамда ойноп, оюн жүрүшүндө өз эсебине 13 упай топтой алган. Ал 11 жолу натыйжалуу чабуул жасап, 1 жолу мыкты блок коюп жана 1 жолу топту мыкты берип эйс жасаган.
3 турдун жыйынтыгында турнирдик жадыбалда "Эйр Форс" жана "Даймонд Фуд" командалары 9 упайдан топтоп, 1-орунду бөлүшүп келүүдө.