4-декабрда өлкө боюнча Манас күнү белгиленет

Өлкөдө 4-декабрда Манас күнү белгиленет. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбордун башкы директору Рыскул Бооронбаев билдирди.

"Учурда өлкөнүн ар бир аймактарына Манас күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча буйрук берилген. Ал эми борбордо атайын даярдалган сценарий менен чоң масштабдагы маданий иш-чара уюштурулуп, ага өкмөттүн өкүлдөрү да катышат. Программа боюнча манас айтуу, Манас жөнүндө тартылган фильмдерди көрсөтүү жана Манас айылынан тартып, улуттук филармонияга чейин жөө-жүрүш уюштурууну пландап жатабыз", - деди ал.

Айта кетсек, "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору 2013-жылдын 4-декабрында Баку шаарында ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине катталган. Мындан улам өткөн жылдан тарта 4-декабрь Манас күнү деп белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан