"Титаниктин" режиссёру Жеймс Кэмерондун жаңы тасмасына кайрадан Кейт Уинслет тартылат

"Титаник" тасмасынын башкы каарманы Кейт Уинслет аталган фильмдин режиссёру Жеймс Кэмерон тарта турган "Аватардын" уландысына тартылат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, фильмде суунун түбүндө тартыла турган эпизоддор көп кездешет. Анда актриса эч кандай аквалангдын жардамысыз өзү сүзүүсү зарыл.

"Фильмге 7 жаштагы бала жана 6 өспүрүм катышат. Алар менен иштешүү өтө оор. Анткени тасманын көбү суунун ичинен тартылгандыктан аларды аквалангсыз сүздүрүү кыйынга турууда. Ал эми башка актёрлор акырындан өздөштүрө башташты", - деген режиссёр.

"Азырынча фильм качан жарык көрөрү белгисиз. Айта кетсек, "Титаник" тасмасында 12 мүнөттүк суунун ичинде тартылган эпизоддорду тартуу үчүн толук 2 ай талап кылынган. Эгер көпчүлүк бөлүгү суу ичинде тартыла турган "Аватарга" да ошондой убакыт талап кылынса, болжол менен 2020-жылдары элге көрсөтүлсө керек", - деп жазышкан чет элдик маалымат каражаттары.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
kechirmeni
2017-11-28 12:07:34
Жеймс Кэмерон азамат!!!
+8
Bolunbo.kyrgyz
2017-11-28 12:13:08
Таззале ишенип корот болчубуз Титаникти корсо булар тизеден келген сууда жыргап журушкон тура
+10
kechirmeni
2017-11-28 12:18:33
Bolunbo.kyrgyz,Тизеден деп жазбаптыр го
+3
Bolunbo.kyrgyz
2017-11-28 12:23:36
kechirmeni, белден
+2
kechirmeni
2017-11-28 12:29:58
Bolunbo.kyrgyz,:)
0
Aygul777
2017-11-28 13:09:09
Bolunbo.kyrgyz,Анан эмне океандын ортосунда айсбергдин жанында тартышсынбы? Тартып атканда биинчи дубульда эле тонуп калышат эле эстелик болуп :)
+11
Bolunbo.kyrgyz
2017-11-28 13:17:20
Aygul777, душта
+2
muhsina
2017-11-28 15:21:14
Bolunbo.kyrgyz,)))) жардың го
0
dastan_nookat
2017-11-28 12:14:00
Ошондо мен жуктогон "аватар 2 тизер" жалган болгонубу ошондо айтып койсонуздар сураныч
-3
dastan_nookat
2017-11-28 12:22:43
Жооп берип койсонуздар менин сууромо super.kg
0
ilgizk
2017-11-28 13:08:42
dastan_nookat,чыга элек 2 си
+1
islamik
2017-11-28 13:26:50
dastan_nookat,
алдын ала жуктоп алгансынго
-1
Bolunbo.kyrgyz
2017-11-28 14:09:56
islamik, Башка нерсени айтып жатабы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан