Кытайда коррупция боюнча айыпталган аскер башчысы өз өмүрүнө кол салды

Кытайдын Борбордук аскер кеңешинин мүчөсү генерал-полковник Чжан Ян өзүн өзү өлтүрдү. Бул тууралуу кытайлык массалык маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматтарга ылайык, быйыл август айында аскер башчысы коррупция боюнча айыпталып, ага карата текшерүү башталган. "Тергөөнүн жүрүшүндө анын аталган кеңештин төрагасынын эки орун басарынын коррупциялык схемаларына байланышы бардыгы аныкталган. Орун басарларынын бири өмүр бою эркинен ажыратылса, экинчиси тергөөдө каза тапкан. Чжан Ян ар кайсы мезгилде Кытайдын аскер кеңешинин мүчөсү жана өлкөнүн армиясынын башкы саясий башкармалыгынын колбашчысы болгон. 23-ноябрда ал өз үйүндө өз өмүрүнө кол салган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2012-жылы Кытайда партиялык жана мамлекеттик аппараттын бардык бөлүктөрүндө жана армияда коррупция менен күрөшүү кампаниясы башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Bolunbo.kyrgyz
2017-11-28 12:37:47
Биздикилер ди айтпасак да белгилуу Кыргыз элим
+4
kechirmeni
2017-11-28 12:41:18
Аларда закон кучтууда ошого чыдабайм лучше олгонум артык деди да
+7
Biinura
2017-11-28 12:43:15
Бизде больницага жатып алып коркутушат.
+22
Suzak12
2017-11-28 17:18:36
Biinura,Биздин генералдар ыйлап алышатко бир жылы баткенде террористер кармап алганда Т Бакир уулу барса ыйлап жиберген дейт кайсы бир генералды
0
Karban86
2017-11-28 13:07:32
Мыйзамдын иштегени
+8
Azatbek83
2017-11-28 15:18:23
АК уйдо гулорду да ошондой кылыш керек атасын баш кылып баатыр кылбастан!
+6
portugalia
2017-11-28 16:14:36
Уяты бар учун олдубу же жаза тарткандан корктубу?Биздикилерге соз жок эптеп жаап жашырышат.
0
Adi.Avazbekov
2017-11-28 18:47:41
portugalia,жазадан өлмөк беле. Уят өлүмдөн ачуу дейт беле уят болгончо өлгөнүм артык дедида. Биздикилер такыр уялышбайт далилдеп койсоңда жоок мен эмес тазамын дешет
+1
Adi.Avazbekov
2017-11-28 18:45:23
Биздикилерда уялып өздөрүн атып алса парламеттин 80%ти кырылып калмак.
+5
Adylbek001
2017-11-28 20:45:54
99,1% и
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан