Өлкөнүн түштүгүндө жасалма паспорт даярдап, аны сатууга шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары 1962-жылы туулган К.А. жана 1987-жылы туулган Х.З. аттуу Жалал-Абад облусунун тургундары кармалган. Алардын жанынан жасалма жалпы паспорттор жана башка документтер табылган.
"Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бирок Ош шаардык соту аларды үй камагына чыгарып жиберген. Соттун чечимине карата жогорку инстанцияга даттануу келтирилди. Учурда ушул сыяктуу башка кылмыштардын бетин ачыш үчүн ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.