Кемин районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 24-ноябрь күнү саат 02:20 чамасында Кемин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Боролдой айылындагы үйлөрдүн биринде адам өлтүрүү фактысы катталганы айтылган.
"33 жаштагы Б.У. аттуу жергиликтүү тургун "Мика" деген таанышы менен спирт ичимдигин ичип отурушуп, андан соң экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Натыйжада Б.У. жанындагы таанышын бычак менен сайып салган. Жабырлануучу окуя болгон жерден жан берген. Аталган факт боюнча, кылмыш иши козголуп, Б.У. убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.