Сокулук РИИБиндеги качуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайдын эки кызматкери камакка алынды

Сокулук РИИБиндеги качуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайдын эки кызматкери камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Сокулук районунун прокуратурасы качуу фактысы боюнча "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "шалаакылык" беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайынын эки кызматкери Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.

Айта кетсек, 27-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында камакта отурган 4 киши качып кеткен. Алар “каракчылык” жана “киши өлтүрүү” беренелери менен кылмыш ишине шектелип кармалышкан. ИИМдин жана Чүй ОИИББинин ыкчам иликтөө кызматкерлери качып кеткен кылмышка шектүүлөрдү издөө иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүдө. Ал эми Бишкек ШИИББи тарабынан “Колго түшүрүү” операциясы жарыяланган болчу.

Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан 28-ноябрга караган түнү Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен 4 жарандын экөө, тактап айтканда, Бакыт Дилдешов менен Рамиль Базаркулов кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан