Бишкекте тургун курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын 16-кабатынан кулап, каза болду. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташты.
Милициянын маалыматы боюнча, кырсык бүгүн түшкө маал Бишкектин Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу имаратта болгон. Анда шаар тургуну 16-кабаттан кулап каза болгон.
Ошондой эле учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себеби такталып жатканын шаардык милициядан билдиришти.