Бириккен Араб Эмираттарында Кыргыз маданиятынын жумалыгы өтүп жатат. Бул тууралуу маалыматты Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, Кыргыз бийчилеринен, кинематографисттеринен, кол өнөрчүлөрүнөн турган чыгармачыл топтун катышуусунда 27-ноябрда иш-чаранын ачылыш аземи болду. Ал Кыргыздын Абу-Дабидеги элчилигинин уюштуруусунда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган.
"Иш-чаранын жүрүшүндө "Манас" эпосунан үзүндү, фольклордук музыкалык композициялар аткарылып, "Ак кеме" тасмасы көрсөтүлдү. Ачылыш аземге Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин башчысы Муктаалы Бектеналиев, Бириккен Араб Эмираттарынын маданият министринин кеңешчиси Хабиб Кулум жана Кыргыздын БАЭдеги элчиси Чыңгыз Эшимбеков жана башкалар катышты. Кыргыздын маданият жумалыгы 5-декабрга чейин улантылат", - деп жазылат маалыматта.