Нью-Йорк шаарында террордук акт уюштурууга шектелип кармалган Сайфулло Саипов сотто өз күнөөсүн моюнуна алуудан баш тартты. Мындай маалыматты шаардык прокуратурага таяп, жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.
Сот кечээ, 28-ноябрда болгон. Нью-Йорк шаарынын федералдык сотунда ал кылмышты жасабагандыгын айтты.
Эске сала кетсек, ушул жылдын 31-октябрь күнү АКШнын Нью-Йорк шаарында айдоочу жүк ташуучу унаасы менен жөө адамдарды тебелеп, андан соң ичинде мектеп окуучулары бар автобусту сүзүп токтогон. Окуянын жыйынтыгында 8 адам каза болуп, 12 адам ар түрдүү жаракаттар менен ооруканага түшкөн. Кылмышты жасоого шектелген пикаптын айдоочусу Өзбекстанда туулган Сайфулло Саипов экени аныкталган. Ага полиция кызматкерлери ок чыгарып, жарадар кылып колго түшүрүшкөн. Саипов буга чейин АКШнын Флорида штатында жашап келгени маалым болгон. АКШ бийлиги аны "Ислам мамлекети" террордук уюмуна мүчө деп, аталган уюмдун уюштуруучусу менен кылмышты аткарган деп күнөөлөп жаткан.
Бир апта мурун ага 8 адамды өлтүрүүгө, 12 адамды өлтүрүүгө аракет жасоого, транспортту зордук менен тартып алууга жана терроризмге шектеп, жалпы 22 пункт боюнча күнөөлөр тагылган болчу.
Ал эми жаза чарасын көрүүнү прокуратура алып, алар өмүр бою эркинен ажыратуу же өлүм жазасына тартуу маселесин карап жатышкан.