SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар бир жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видекомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул жума "Супер хиттин" катарын Мээрим Карыпованын "Күндөйүм" ыры толуктады. Ырчы аталган чыгармасы боюнча буларга токтолду.
"Чынында бул чыгарманы бир укканда жактырып калгам. Себеби шаңдуу, маанайыңды көтөрө турган ыр экен. Мындан улам жаздырып бүтөр замат дароо клибин тартууга кириштик. Бул милдетти Эрнист Сыдыков колго алып, каармандарды мен өзүм таптым. Айта кетсем, Камчы Сарыбаев гана чыныгы актёр, калган аял-күйөөнүн ролун аткарган адамдар чыныгы жашоодо да үй-бүлө, менин жакын досторум. Менимче, ушундан улам клип кандайдыр бир жылуулук тартуулап турса керек. Тартуу иштерине 2 күн талап кылынып, анын биринчи күнүндө мен чет жакта болгондуктан катыша албай, эртеси өзүм ырдаган жерлерин тартуу учурунда келгем", - деди ырчы.
22-НОЯБРДАН 29-НОЯБРГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
10-орун - Анжелика Бекболиеванын аткаруусундагы "Где ты, где я?" чыгармасы апта ичинде эң аз добуш алганы үчүн "Супер хиттен" четтетилди.
9-орун - Жакут Сыдыков менен Гүлсүн Бостонкулованын аткаруусундагы "Бассам, турсам" чыгармасы башка атаандаштарына салыштырмалуу аз каралган.
8-орун - Нурсултан Азыкбаевдин аткаруусундагы "Эгиз жүрөк" композициясы мурунку жумадагы рейтингден 1 тепкичке жогору көтөрүлгөн.
7-орун - Өткөн жумада алдынкы бештикке кирген Тотомидин Жолдошовдун "Ошко" ыры 2 тепкичке төмөндөгөн.
6-орун - Асеманын "Жашоо - бакыт" видеокомпозициясы мурунку жумада да дал ушул орунга илинген.
5-орун - Айжамал Кабылованын ата-энелерге арналган "Ата-эне" чыгармасы өткөн жумадагы рейтингден 2 тепкичке төмөн түшкөн.
4-орун - Ал эми өткөн апталарда биринчиликти эч кимге бербей келген Нурмат Садыровдун аткаруусундагы "Кыргыз кыздары" бул ирет 4-орунду ээледи.
3-орун - Өткөн жумада тизмеге жаңыдан кошулган Асел Кадырбекованын "Жаныңда болсом дейм" клиби алдынкы үчтүккө илинди.
2-орун - Мурунку жумада жеңүүчү аталган "Non-Stop" дуэтинин "Жаныма кел" чыгармасы бул ирет 2-орунда.
1-орун - Аптанын жеңүүчүсү деп эң көп добушка ээ болгон Гүлнур Сатылганова менен Адилет Азимовдун аткаруусундагы "Болсочу" чыгармасы табылды.
Сүйүктүү композицияңызды алдынкы орунга чыгаруу сиздин колуңузда. Ал үчүн бул шилтеме менен "Супер-хиттин" добуш берүү бөлүмүнө өтүңүз.