Чүй облусунун Сокулук РИИБинин камагынан качып кеткен төрт адамдын үчүнчүсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, камактан качкандардын бири Багтият Ачылдурдиев 28-ноябрь күнү саат 21:00 чамасында Бишкек шаарынын Бөкөнбаев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен кармалган.
Айта кетсек, 27-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында камакта отурган 4 киши качып кеткен. Алар “каракчылык” жана “киши өлтүрүү” беренелери менен кылмыш ишине шектелип камакта отурушкан. ИИМ жана Чүй ОИИББи тарабынан ыкчам изилдөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, Бишкек ШИИББи тарабынан “Колго түшүрүү” операциясы жарыяланган болчу.
Кийин 28-ноябрга караган түнү качып кеткендердин экөө, Бакыт Дилдешов менен Рамиль Базаркулов Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.
Ошондой эле басма сөз кызматынан учурда камактан качкандардын төртүнчүсү 28 жаштагы Кайрат Жанботоевди издөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдиришти.