Белгилүү режиссёр Актан Арым Кубат Сербияда өтүп жаткан автордук тасмалардын кинофестивалында калыстар тобун жетектөөдө. Бул тууралуу продюсер Алтынай Койчуманова билдирди.
Маалыматка ылайык, режиссёр Сербиянын Белград шаарында 24-ноябрдан 2-декабрга чейин өтө турган автордук тасмалардын кинофестивалына калыстар тобунун төрагасы катары чакырылган. Ага ар кайсы өлкөдөн келген 12 тасма катышат, ал эми режиссёрдун "Кентавр" тасмасы сынактан тышкары көрүүчүлөргө тартууланат. Ошондой эле 50 тасма фестивалдын ар кандай программаларынын алкагында көрүүгө коюлат.
Фестивалдын сербиялык режиссёр Александр Петровичтин атындагы Гран-при сыйлыгы жогоруда аталган негизги программадагы 12 тасманын ичинен калыстар тобу эң мыкты деп тапкан фильмге ыйгарылат.
Белгилей кетсек, автордук тасмалардын кинофестивалы алгачкы жолу 1994-жылы Белград шаарында уюштурулган. Анын максаты мыкты автордук тасмаларды эл аралык аудиторияга тартуулоо болуп саналат.