Дүйнө жүзүндөгү эң күчтүү деп эсептелген, 118 жылдык тарыхы бар "Барселона" футболдук клубу 1899-жылы 29-ноябрда швециялык 21 жаштагы Ганс Гампер тарабынан түзүлгөн. Ал ноябрь айынын аягында атайын жарнамаларды илип футболчуларды чогулта баштайт. Бул жарнама аркылуу келген оюнчулардын ичинен 11 адам тандалып алынып, футбол клубу түзүлөт. Футбол клубга Испаниядагы Каталониянын борбору Барселонанын аты ыйгарылат.
1908-жылы клубдун негиздөөчүсү жана оюнчусу Ганс Гампер клубдун президенти болуп тандалат. Ал клубду 1926-жылга чейин жетектеген. Гампердин убагындагы эң чоң жетишкендик - бул "Барселона" клубунун өзүнүн стадионунун болушу. 1909-жылдын 14-мартында клуб өзүнүн жаңы алган 8 миң көрүүчүнү батырган Carrer Indústria оюн талаасына көчүп келген. Ал эми 1922-жылы клуб кайрадан стадионду алмаштырып 22 миң орунду Камп-де-Лес-Кортс оюн талаасын сатып алат.
Клубдун 1910-жылга чейин эч кандай эмблемасы болгон эмес. Дал ушул жылы клуб өзүнүн чыккан аймагын белгилөө үчүн эмблеманы ойлоп табышкан. Ал эмблемада Каталониянын желеги жана ыйык Григорийдин Крести жайгашкан. Ал эми астында "Барселонанын" көк, кызгылт түстөрү жана XX кылымдагы футболдун символу болгон кайыш топ орун алган.
2006-жылга чейин "Барселонанын" футболкаларында эч кандай жазуу жок болгон. Ал эми 2006-жылдан тартып клубдун футболкаларында UNICEF балдар уюмунун аты пайда болгон. Эң кызыгы уюм футболдук клубга бул жарнама үчүн эч кандай акча төлөп берчү эмес, тескерисинче, "Барселона" ал жазууну колдонгону үчүн акча төлөп турган. Ал эми каржылык кризис келгенден тарта клуб формасына көптөгөн суммадагы акчага, ар кандай фирмалардын атын жайгаштыра баштаган.
Клубдун девизи "Més que un club" (Жөн гана клуб эмес). "Барселона" клубу бүткүл Испанияга каршы оппозиция катары түзүлгөн. Девиз испаниялык диктатор Франсиско Франкого каршы чыгарылган. Диктатор Испанияны 45 жылдан ашуун башкарып турган, ал эл эсинде өзүнүн каталон тилин жана символикасын мазактоосу менен калган. Франсиско "Реал Мадрид" футболдук клубун колдоп, ага дайыма көмөктөшүп келген. Ошол себептен каталондуктар "Реал Мадрид" менен болгон беттештерге дайыма кызуу даярданып, бул эң күчтүү эки команданын беттеши "Эль-Класико" деп атала баштаган.
"Падышалык клуб" аталган "Реал Мадрид" клубунда дүйнөдөгү эң кымбат оюнчулар ойногону менен "Барселона" клубунун оюнчулары "Алтын топ" сыйлыгын 11 жолу утушкан. Алар: Луис Суарес, Йохан Кройф (эки жолу), Христо Стоичков, Ривалдо, Роналдиньо жана 5 жолу Лионель Месси.
29-ноябрга карата жылнаама.