Канатбек Бегалиев "Дене тарбия жана спорттун отличниги" төш белгиси менен сыйланды

Бүгүн, 29-ноябрда грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынын мурдагы машыктыруучусу Канатбек Бегалиев "Дене тарбия жана спорттун отличниги" төш белгиси менен сыйланды.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин статс-катчысы Нуржан Бардинова Канатбек Бегалиевге төш белги, күбөлүк жана алкыш кат тапшырды. Бардинованын айтымында, Канатбек Бегалиев машыктыруучу кызматында мыкты жыйынтыктарды көрсөттү.

"Агенттиктин жетекчилигинин атынан, өлкөдөгү спортко кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирем. Андан тышкары Канатбек Бегалиев Олимпиада оюндарында күмүш медаль жеңип, Кыргыз спортунун тарыхына кирген", - деди статс-катчы.

Маалымдай кетсек, бүгүн, 29-ноябрда башкы машыктыруучу кезиндеги жыйынтыктар боюнча маалымат жыйын өткөрүп, эми депутаттыкка аттанарын билдирди.

Эске салсак, Канатбек Бегалиев грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматынан өз калоосу менен 2017-жылдын 18-октябрында кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
JaparkulovaSamara
2017-11-29 16:23:34
Сыйлык кут болсун!
+2
Azahan
2017-11-29 16:47:58
Красавчик
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан