Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынын мурдагы машыктыруучусу Канатбек Бегалиев мамлекеттен спортчуларды жумушсуз калтырбоону суранды. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда маалымат жыйыны учурунда айтты.
Анын айтымында, өз убагында эл аралык мелдештерде Кыргыз туусун желбиретип, алдынкы орундарды ээлеген спортчулар учурда жумушсуз калууда.
"Биздин атактуу спортчулар Данияр Көбөнов, Руслан Түмөнбаев жана Арсен Эралиев учурда жумушсуз калды. Данияр Көбөнов Азия оюндарын утуп алганда жалпы кыргыз эли кубанган. Ийгиликтерди жараткан спортчулар азыр көчөдө калды. Башкача айтканда, спортчуларды колдонуп, ден соолугун алып, "болду керегиң жок" деп ыргытып салган болбойт. Эмгеги сиңген спортчуларга сөзсүз бир кызмат берилиш керек", - дейт Бегалиев.
Маалымдай кетсек, бүгүн, 29-ноябрда башкы машыктыруучу кезиндеги жыйынтыктар боюнча маалымат жыйын өткөрүп, эми депутаттыкка аттанарын билдирди.
Эске салсак, Канатбек Бегалиев грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматынан өз каалоосу менен 2017-жылдын 18-октябрында кеткен. 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медаль жеңип алган.