2018-жылы Орусияда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун оюндарына 742 миңден ашык билет сатылды. Бул тууралуу маалыматты эл аралык футбол федерациясы билдирди.
"Кечээ, 28-ноябрда Дүйнө чемпиондугунун оюндарына билеттерди сатуунун биринчи этабы жыйынтыкталды. Биринчи этап 14-сентябрдан баштап 28-ноябрга чейин өткөн. Бул убакыттын ичинде Дүйнө чемпиондугунун оюндарына жалпы 742 миң 760 билет сатылды", - деп жазылат маалыматта.
Билеттерди сатуунун 2-этабы 5-декабрда старт алат.
Айта кетсек, тайпалык баскычта өтө турган оюндарга эң арзан билеттер жергиликтүү тургундар үчүн 1280 рублду (1540 сом) түзөт, ал эми чет өлкөлүктөр эң арзан дегенде 105 доллар (7200 сом) төлөшөт.
Тайпалык баскычтагы өтө турган оюндарга эң кымбат билеттер 12,6 миң рублду (15,2 миң сом) түзөт. Ал эми мелдештин ачылыш аземиндеги оюндун эң кымбат билетинин баасы 33 миң рублду (39,6 миң сом) түзөт.
Кошумчалай кетсек, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу-2018 беттеши 14-июндан баштап 15-июлга чейин уланат. Оюндар Москва, Санкт-Петербург, Казань, Екатеринбург, Саранск, Самара, Сочи, Ростов-на-Дону, Калининград, Нижний Новгород жана Волгоград шаарларында орун алат.
Эске салсак, Чемпиондукка дүйнөнүн 5 континентинен жалпы 32 курама команда катышат.
Алар:
Европа аймагынан: Орусия, Германия, Испания, Англия, Бельгия, Исландия, Сербия, Польша, Франция, Португалия, Швейцария, Хорватия, Швеция жана Дания курама командалары.
Түштүк Америкадан: Бразилия, Уругвай, Аргентина, Колумбия жана Перу курама командалары;
Азиядан: Япония, Иран, Түштүк Корея, Сауд Арабиясы жана Австралия курама командалары;
Африкадан: Нигерия, Египет, Сенегал, Тунис жана Марокко курама командалары;
Түндүк жана Борбордук Америкадан: Мексика, Коста-Рика жана Панама курама командалары.