Казакстандын белгилүү продюсери Баян Максат кызы жакында турмушка чыга турганын жарыялады

Казакстандын белгилүү продюсери Баян Максат кызы жакында турмушка чыгат. Бул тууралуу ал өзү интернеттеги социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомчулукка жарыялады.

"Жалпыга маалымдоо каражаттары мен эң биринчи орунда аял, эне, кыз, эже жана курбу экенимди унутуп коюшкан. Алар үчүн мен киреше алып келүүчү жана эң көп талкуу жарата турган нерсемин. Анда эмесе, мына! Мен турмушка чыгып жатам. Эми бул жаңылыкты канча жалпыга маалымдоо булактары жазып чыгарын карап тургула", - деген ал.

Продюсер бул сөздөрдү жөн эле журналисттерди сыноо үчүн жаздыбы же чынында жакынкы күндөрү турмуш жолуна аттануу алдында турабы белгисиз. Бирок анын интернетке жүктөгөн сүрөтүнөн аты жогундагы нике шакегин байкоого болот.

Эске салсак, Баян Максат кызы 2016-жылдын июнь айында мурунку күйөөсү тарабынан катуу ур-токмокко алынып, оор абалда ооруканага жаткырылган эле. Арадан көп өтпөй жаңы сүйүктүүсү Турсенгали Алагузов колун сураганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Freemankg
2017-11-29 23:20:06
Анжеликанын жакшы коргон эжеси.
+17
raykray
2017-11-29 23:41:30
Анжелика, Бузова,Баян, Ким Кардашян баары жок
+12
loveless
2017-11-30 01:34:11
Бизге эмне турмушка чыгабы чыкпайбы.
+9
tasnim
2017-11-30 01:59:08
Ушул аялды корсом кинодогу терс каармандын ролун жараткан актрисаларга окшото берем
+10
Paolo
2017-11-30 04:09:22
Чыыын журоктон баары бир
+8
010288
2017-11-30 08:49:27
Карыганда ушул аял делечи....
+5
KOCMOC
2017-11-30 19:30:34
Куйоосу тарабынан ур-токмокко алынды дегенде боорум ооруган. Кийин "Ырас эле болуптур" дедим. Турсенгали дегени менен чет жакта журуп, куйоосунун козуно чоп салып журсо, ошентет да. 2 кызы бар экен, уялбай дагы. Турмушка чыксын, чын журоктон баары бир.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан