Белгилүү орусиялык ырчылар Лариса Долина жана Алсу атайын футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна арналып жазылган чыгармаларды аткарышат. Бул тууралуу орус басылмаларына аземдин коюучу режиссёру Феликс Михайлов билдирген.
Маалыматка ылайык, ырдын бет ачары 1-декабрь Мамлекеттик Кремль сарайында боло турган чүчү кулак таштоо аземинде өтөт.
"Бул аземде өлкөбүздө өтө турган Дүйнө чемпиондугуна атайын арналып жазылган эки ырдын бет ачары болот. Бир ырды Лариса Долина Игорь Моисеевдин ансамблинин коштоосунда аткарса, экинчи чыгарманы Алсу ырдайт", - деп билдирген Михайлов.