Лионель Месси "Барселона" менен келишим узарткан соң дүйнөнүн эң көп маяна ала турган футболчусу болду

Испаниялык "Барселона" футболдук клубунун жылдызы Лионель Месси каталондук клуб менен жаңы келишим түзгөн соң, дүйнөнүн эң көп маяна ала турган футболчусу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жаңы келишимдин негизинде Месси жылына 43 миллион евро маяна алат. Бул көрсөткүч менен ал дүйнөнүн эң көп маяна ала турган футболчусу болот. Буга чейин эң көп маяна алган футболчу Неймар болуп келген. Тактап айтканда, ушул жылдын жай мезгилинде франциялык "ПСЖ" клубуна 222 миллион еврого өтүп, келишим боюнча жылына 36,7 миллион евро маяна алары белгилүү болгон. Ал эми испаниялык "Реал Мадрид" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду жылына 34 миллон евро маяна алат.

Маалымдай кетсек, Лионель Месси "Барселона" клубу менен келишимди 2021-жылга чейин узарткан. Анын негизинде Мессини келишим бүткөнчө сатып алуу 700 миллион еврого бааланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
ZhanMM
2017-11-30 08:38:02
Буту менен атак даңкты да, акчаны да жасап жатат...
+5
TalaCSKA
2017-11-30 08:45:09
117 мин евро кунуно ээх мага бир кундук зарплатасы омур бою жетет эле ))
+4
Tyty1990
2017-11-30 09:17:50
Обедке чейинки маянасын берсе деле жетмек мага.
+1
Dembele84
2017-11-30 09:51:41
Эмне деген акчалар а,биз тырышып иштеп журуп картайып буто турган болдук го
+2
ilgizk
2017-11-30 10:12:30
Ошон үчүн балаңын кичинесинде чымыны болсо футболго бериш керек
+2
make2
2017-11-30 10:12:37
Биринчи Неймар эмес Тевес болчу,1Месси,2Тевес,3Неймар
+1
Bek_abad
2017-11-30 11:56:24
Бир кем дуйно болот аныда кеми бар.
+1
ainura_jyrgalbai97
2017-11-30 14:37:27
Мессини келишим буткончо сатып алуу,-дейби?
Месси (футболчу) дагы сатылабы?
0
Aikoo2014
2017-11-30 21:28:55
ainura_jyrgalbai97,


Башка олколор сатып алууга ото кызыкдар болушкан.
0
Bakulya97
2017-11-30 22:10:28
ainura_jyrgalbai97,ф утболчу сатылата
0
Bakulya97
2017-11-30 22:11:56
700милионду еч кайсы клуб толой албайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан