Токмок шаарындагы чиркөөнүн жанына европа түспөлүндөгү жаңы төрөлгөн ымыркайды таштагандарды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалым болгондой, учурда ымыркайдын энесин аныктоо үчүн ыкчам иш-аракеттер жүрүүдө. Буга байланыштуу шаардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна, жеке менчик бейтапканаларга кош бойлуу кезинде каттоого тургандар текшерүүгө алынган.
Азыркы тапта шаардык төрөт үйүндө жаткан ымыркай кыздын абалы жакшы экенин жана социалдык кызматкерлердин көзөмөлүнө алынганын кошумчалашты милициядан.
Эске салсак, ымыркай 22-ноябрда саат 17:00дөр чамасында жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, милицияга кабарланган. Ошондой эле окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 121-беренесине ылайык ("Кишини коркунуч абалында калтыруу") кылмыш иши козголгон.