Интернеттеги социалдык тармактын эң популярдуу колдонуучулары аныкталды

Чет элдик басылмалар жыл аяктап бара жаткандыгына байланыштуу 2017-жылдагы эң популярдуу интернеттеги социалдык тармактын колдонуучуларын аныкташты.

Белгилүү болгондой, сүрөттөрү эң көп "жакты" белгисине татыган белгилүүлөр Бейонсе, Криштиану Роналду жана Селена Гомес. Тактап айтканда, Бейонсенин кош бойлуу кезинде жарыялаган сүрөтү жана Роналдунун кыздуу болгондугун сүйүнчүлөп жүктөгөн фотосу 11 миллиондон ашуун "жакты" белгисине ээ болсо, Селена Гоместин курбусу менен ооруканада жаткан сүрөтү 10 миллиондон ашуун "жакты" белгисине татыган.

Ал эми былтыркы жылы интернеттеги социалдык тармакта эң көп катталуучусу бар деп америкалык актриса жана ырчы Селена Гомес табылса, быйыл да бул тизменин алгачкы сабынан дал ушул актрисаны көрүүгө болот.

Тизме:

1. Селена Гомес - 130 миллион адам катталган;

2. Ариана Гранде - 115 миллион;

3. Криштиану Роналду - 115 миллион;

4. Бейонсе - 108 миллион;

5. Ким Кардашьян - 104 миллион;

6. Тейлор Свифт - 104 миллион;

7. Кайли Женнер - 99,5 миллион;

8. Дуэйн Жонсон - 96 миллион;

9. Жастин Бибер - 93,9 миллион;

10. Кедалл Женнер - 84,8 миллион;

Ал эми интернеттин колдонуучулары геолокациядан эң көп белгилеген шаарлар Нью-Йорк, Лондон жана Москва деп табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
loveless
2017-11-30 08:58:25
Биздин жылдыздар анда бул жакта эле калатго эгер 130млн адам катталса биздикилер болбой эле калмак экен мактанып.
+7
Freemankg
2017-11-30 09:09:53
loveless,Кыргызстанда болгону 6 миллион, анын ичинен интернет колдонуучулар 2 миллион адам болсо ким катталат .
+6
loveless
2017-11-30 09:33:21
Кыргыздардан башка эч ким таанышпайтда.Мисалы Селена Гомездерди коп эле элдер тааныйт ошон учун.
+3
Sarywka2017
2017-11-30 09:53:30
Анжелика бул жанылыкты угуп тынч отур хорошо )) телтендеп чыкпа миллион кылат элем деп
+16
madrid7000
2017-11-30 10:00:36
Спорт тармагынан жалгыз Роналду экен да......
+3
Isco23
2017-11-30 11:01:37
Москваны чиркин биз эле белгилесек кк
+4
nurkojo
2017-11-30 11:56:29
Уйдо жатып акча кылгандар ушулар турбайбы!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан