Орусиядан депортацияланган Тажик жараны Кыргызга башка бирөөнүн паспорту менен өтүп жатып колго түштү

Кыргыз-Тажик чек арасынан башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган Тажикстандын жараны кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, Тажикстандын 1958-жылы туулган М.С. аттуу жараны эки өлкөнүн чек арасындагы "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрүү жайынан 29-ноябрда кармалып, документтери текшерүүгө алынган. Текшерүү учурунда анын чек арачыларга көрсөткөн паспорту башка адамга таандык болуп чыгып, өзүнүн өлкө ичинде колдонгон паспорту кийимдеринин арасынан табылган.

Кармалган адам сурак учурунда буга чейин Орусиядан депортацияланганын, кайра Орусияга Кыргыз мамлекети аркылуу баруу үчүн башка адамдын паспортун колдонууну көздөгөнүн айткан. Ал адам УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
islamik
2017-11-30 09:40:57
Кыргызга отуп жатып
+29
admin_superstan
2017-11-30 09:45:43
abdrakhmanovich, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
-27
maks94.kb
2017-11-30 09:47:08
Кыргызстанга
+25
admin_superstan
2017-11-30 10:08:19
gitaris93, make2, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
-27
admin_superstan
2017-11-30 10:14:24
Azkoni, TOLLI, RusMos76, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
-30
modem4999
2017-11-30 10:17:09
Урматтуу админ, кайсы эрежеге таянып «кыргыз»деп жазып атасын?
+26
admin_superstan
2017-11-30 10:24:16
modem4999, саламатсызбы! Кыргызстан эли, Кыргызстан жери дебестен, Кыргыз эли, Кыргыз жери деген стиль кеңири колдонулуп келген. Анын сыңарындай, өлкөбүздү Кыргыз деп жазуу бул жаңылык эмес, бул порталдын стилистикалык өзгөчөлүгү болуп саналат.
-35
windom
2017-11-30 10:35:15
admin_superstan, саламатсызбы? Озунуз айткан "озгочо" стилистиканыздардын терен маанисин копчулук жеке мааниде же болбосо коз каранды автономдук округтай элес калтыраарын айтып келишет. Айтсаныз, ошол кыргызга деген созду кыргызстанга же кыргыз мамлекетине, кыргыз жергесине деп озгортуп,окурмандардын сунушун кабыл алуудан портал канчалык зыян тартат?! Рахмат.
+31
Nurmat92
2017-11-30 10:40:43
Аа шорду
0
admin_superstan
2017-11-30 10:55:56
Isco23, mederkg, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
-21
baisogur
2017-11-30 11:55:22
Э кагылайын Кыргыз элим тушунугунорду кеңейткилечи,Кыргызстан деген жерде канча деген улут баш калкалап жашап жатат,Кыргыз деп жазып жатса сүйүнбөйсүңөрбү өзбектерге стан деген жагат мага Кыргыз деген атыбызды жазып жатканы кубандырат Кыргызда жашап жатканын түшүнүп Кыргыз болушсун өзбекпи тажикпи күртпү баары Кыргыз эли болот Стан болбой жөн жүрсүн
-17
Gulnur1980
2017-11-30 12:14:51
baisogur,мына сиз мектепте ошентип жазып корунуз эле семммиззз "5" деген баа коет мугалиминиз!
+5
windom
2017-11-30 12:40:51
Урматтуу baisogur,Кыргызга деп гана жеке мааниде айтууда калтырган элес бул- бутундугу,мамлекеттуулугу,эгемендуулугу жок жон гана улут катары сыпатталат. Ошондой эле патриот болуп Кыргыз деген атты даназалоо максат болсо кыргыз олкосуно, мамлекетине деп биздин эгемендуу коз карандысыз экенибизге таасирлентип отсо болот.
+4
sanzhar83
2017-11-30 16:56:45
baisogur,сен анчалык эле акылдуу боло бербечи,бир канча улут калкалайбы,бир эле кыргыз эли жашайбы маанилуу эмес.Биз мамлекетпиз.Кыргыз деген атыбызды жазып жатканы кубандырса ал созго стан,мамлекети же олкосу деген созду кошуп койсо кубанбай каласынбы.
+2
admin_superstan
2017-11-30 12:01:18
orun, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эрежени билип туруп кайталап тартип бузгандыгыңыз үчүн 3 күнгө БАН!
-12
ice87
2017-11-30 12:41:13
Кыргызстан
+1
dangerouskg94
2017-11-30 12:54:29
салам баарына
0
make2
2017-11-30 14:17:04
Кыргыз тилин жаңы үйрөнүп жаткандар, жаштар, өспүрүмдөр окушат, адашатко.
0
bars_wire
2017-11-30 16:29:02
Кыргызстандын конституциясын атайылап жоготушуп.кыргыз элин оптом сатайын дебейтасынарбы.Бул турушунарда.Кыргызга деп кулактарды кондуруп.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан