
Орус теннисчиси
Мария Шарапованын түркиялык күйөрманы мелдеш учурунда колун сурады. Бул тууралуу орус маалымат булактары жазып чыгышты.
Окуя Стамбулда өткөн теннис боюнча мелдеш учурунда катталган. Тактап айтканда, Шарапова түрк теннисчиси Чаглу Буюкакчай менен беттешке чыкканда түркиялык күйөрманы трибунага чыгып, орус теннисчисинин колун сураган. Мария Шарапова бул сунушту жылмаюу менен кабыл алып, "балким" деген жооп узаткан.
Белгилей кетсек, орус теннисчисинин жүрөгү бош эмес. Анткени мындан 2 ай мурун оң колунун аты-жок манжасына тагылган шакегин күйөрмандарына көрсөткөн. Алдын ала божомолдорго таянсак, анын болочоктогу жолдошу 32 жаштагы жарышчы Льюис Хэмилтон.