Баткенде жол кырсыгынан 3 адам каза болду

Кечээ, 29-ноябрда Баткен облусунун Кадамжай районунда жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-ноябрда саат 23:45 чамасында Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын 33 жаштагы М.Т. аттуу тургуну унаасы менен бара жатып жол кырсыгына кабылган. Унаасында 67 жаштагы апасы М.Ж., 30 жаштагы жубайы М.Б., 3 жашар кызы Т.А. жана 76 жаштагы А.С., 56 жаштагы С.А. аттуу туугандар болгон.

Айдоочу Ош-Исфана унаа жолунун 87-чакырымында бара жатканда унаасын башкара албай бетон тосмону, кийин эт сатуучу дүкөндү сүзүп унаасы оодарылып калган. Натыйжада унаанын айдоочусу М.Т. 67 жаштагы апасы М.Ж. жана 76 жаштагы А.С. аттуу таежеси алган жаракатынан улам ошол жерден каза болушкан.

Айдоочунун жубайы, 3 жашар кызы жана унаада бара жаткан дагы бир тууганы жаракат алышып ооруканага жеткирилген.

Ошондой эле басма сөз кызматынан учурда керектүү экспертизалар дайындалып териштирүү иштери жүрүп жатканын кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
loveless
2017-11-30 13:59:04
Жаткан жери жайлуу болсун.
+2
nur8777
2017-11-30 14:19:41
Абайлагыла айдоочулар! Жаткан жерлери жайлуу болсун
+3
Sarinakg
2017-11-30 14:43:47
Айалыда каза болду беш адам коз жумду
0
Rajo100
2017-11-30 14:46:37
Sarinakg, кайcы жери майдандын. Kим дегендер
0
Sarinakg
2017-11-30 18:36:23
Rajo100,Сары Алтын айылынан
0
Hut.81kg
2017-11-30 18:30:49
Сабыр берсин аллахым бир туугандарына акыретинен берсин бул да тагдыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан