Бишкек-Ош жолунда Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа Чычкан суусуна түшүп кетти

Бишкек-Ош жолунун 243-чакырымында Хонда Степвагон үлгүсүндөгү автоунаа жолдон тайгаланып Чычкан суусуна түшүп кеткен. Бул кырсык тууралуу бүгүн, 30-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 29-ноябрь күнү саат 23:48 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 243-чакырымында болгон. Анда Хонда Степвагон үлгүсүндөгү автоунаа жолдон тайгаланып Чычкан суусуна түшүп кеткен.

Ал жерге куткаруучулар барышкан. Бактыга жараша, унаанын айдоочусу жана жүргүнчүлөр эч кандай жаракат алышкан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kechirmeni
2017-11-30 16:07:23
Кудай озу колдоптур да, айдоочулар абайлагылачы
+9
portugalia
2017-11-30 16:07:58
Жакшы баары аман эсен экен!
+6
Firdaus-Muslim
2017-11-30 16:14:33
Кудайга шүгүр, аман калышыптыр. Кудайым кырсык апааттардан сактасын!
+5
kalima88
2017-11-30 16:19:26
Кудайым өзү сактаптыр.
+5
Nazaroff1974
2017-12-01 02:18:09
Ушул стептер тажатты.Эсинердеби ушул стептер пайда боло электе авария жокко эсеп эле.Стептер канчалык кобойгон сайын авария,кыргын ошончолук кобойду. .
+3
datkayimjan
2017-12-01 11:18:08
Стептин айдоочулары жанталашып айдаганда жолдун дагы журогу шуу дей тушот го чиркин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан