Бүгүн, 1-декабрда SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү эстрада жылдызы Кубаныч Сатаевдин 9-ноябрда болуп өткөн "Кыргызстаным, алгала" аталышындагы жеке концерти менен толукталды. Ырчы концертке аз гана убакыт даярданганын, бирок жыйынтыгы купулуна толгонун баяндады.
"Мен концерт коём дегенде жакындарымдын баары каршы чыгышкан. Себеби жакында эле шайлоо өтүп, чек аралар жабылып жаткан мезгил болгондуктан концертке эл аз келиши мүмкүн деп ойлошкон. Бирок мен өжөрлүккө салып, жарым айдын ичинде абдан кызуу даярдык көрө баштадым. Жыйынтыгы жаман болгон жок, залдын 80 пайызы элге толду. Эң алгачкы жеке концертимди мындан 10 жыл мурун бергем, бул 4-концертим. Буга чейин эл алдына чыкканда сүрдөп, толкундансам, бул ирет эл менен тыгыз байланышта болуп, өзүмдү токтоо алып жүрдүм. Анан да мурдагы концерттеримде көбүнчө атамдын чыгармаларын аткарсам, бул жолу өзүмдүн автордук ырларыма көбүрөөк басым жасадым", - дейт ырчы.
Кубаныч Сатаевдин "Кыргызстаным, алгала" концертин көрүү үчүн шилтеме.