ЭЛДИК ВИДЕО: Кичинекей манасчы кытайлык көрөрмандарды таң калтырды

Медиа-порталдын Элдик видео бөлүмүнө "Кичинекей манасчы кытайлык көрөрмандарды таң калтырды" деген аталыштагы видео жүктөлдү.

Видеодо Синьцзян уйгур автономдуу районунда жашаган этникалык кичинекей кыргыз, Кытайдагы таланттар шоусунда "Манас" эпосунун үзүндүсүн кыргыз-кытай тилдеринде айткан. Өнөрүн көрсөткөн бала манас айтуу менен гана чектелбестен комузда кол ойнотуп, кара жорго бийин бийлеген.

Кытай басылмаларынын маалыматына таянсак, кичинекей манасчы 10 жашта. Анын ата-энеси убагында Кыргыз өлкөсүнөн СУАРга көчүп кетишкен.

"Манас айтуучулук атамдан берилген. Анын айтымында, эпоско болгон кызыгуум үч жашымда эле байкала баштаптыр" деп билдирген кичинекей манасчы.

"Кичинекей мастер менен таанышып алгыла" аттуу шоу көрсөтүүсү ар кайсы улуттардын маданиятын даңазалоону көздөйт.

Видеону көрүү үчүн бул жерди басыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
gute
2017-11-30 20:43:29
Молодец бали бали ...
0
Jumahmatov
2017-11-30 21:02:01
Азамааат
0
Totyua.71.
2017-12-01 07:30:24
Кадимкидей эргидим, Азамаат,Манасыбыздын арбагы колдосун!!!Манасыбыз менен кыргыз эли сыймыктанат,Кубат алат!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан