Шри-Ланкада болгон катуу шамал жети кишинин өмүрүн алды

Шри-Ланка өлкөсүндө болгон катуу шамал жети кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, 29-ноябрь күнү Шри-Ланканын борбордук жана түштүк бөлүгүндө катуу шамал болуп, ал нөшөрлөгөн жамгыр менен коштолгон. Табигый кырсыктар менен күрөшүү боюнча борбордун маалыматы боюнча, 23 адам дайынсыз жоголгон. Алардын көпчүлүгү жергиликтүү балыкчылар экени айтылууда.

Катуу шамалдын кесепетинен электр зымдары үзүлүп, коомдук транспорт каттамдары токтогон. Ошондой эле тогуз провинциянын төртөөндө мектептерде окуу үзгүлтүккө учураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Totyua.71.
2017-12-01 07:37:22
Боодо кырсыктан кудайым сактасын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан