Сокулукта абактан качкандардын төртүнчүсү кармалды

Чүй облусунун Сокулук РИИБинин камагынан качып кеткендердин төртүнчүсү кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге бүгүн, 1-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Нурбек Токтосунов кабарлады.

Анын айтымында, абактан качкандардын дагы бири 28 жаштагы Кайрат Жанботоев бүгүн, 1-декабрда таңкы саат 4 чамасында Чүй облусунун Москва районунун аймагынан кармалган. Ал “адам өлтүрүү” беренеси боюнча айыпталып жаткан.

Айта кетсек, 27-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында камакта отурган 4 киши качып кеткен. Алар “каракчылык” жана “киши өлтүрүү” беренелери менен кылмыш ишине шектелип камакта отурушкан. ИИМ жана Чүй ОИИББи тарабынан ыкчам изилдөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, Бишкек ШИИББи тарабынан “Колго түшүрүү” операциясы жарыяланган болчу.

Качып кеткендердин экөө, Бакыт Дилдешов жана Рамиль Базаркулов 28-ноябрга караган түнү, үчүнчүсү Багтият Ачылдурдиев 28-ноябрда кармалган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Alibay
2017-12-01 10:24:19
Жакшына эле бала экенсин.Неге жаман иштерге аралашып журосун..
+4
datkayimjan
2017-12-01 11:00:19
Сокулукта болгон уурулуктардын баарын ушулардын моюнуна илип туруп соттоп жиберишет эми
+2
Asel1Aikol
2017-12-01 12:24:20
Мыйзам катуу иштесе булар кача да алмак эмес !!!!
+4
Aima94
2017-12-01 21:25:24
Атып эле салгылачы барынан жогу жакшы ушундай зөөкүрлөрдүн
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан