Түркиянын Анкара шаарында кыргыз күрөшү боюнча алгачкы жолу Ачык биринчилик өтөт. Бул тууралуу маалыматты уюштуруучу Данияр Онобасов SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы 7 медалдар топтому 60, 65, 70, 75 ,80, 85 килограммга чейинки салмак ченинде жана 95 килограммдан жогору салмак ченинде ойнотулат.
Уюштуруучунун билдирүүсүнө ылайык, бул спорттук иш-чаранын негизги максаты - чет жердеги Кыргыз жарандарын ынтымакка чакыруу болуп саналат.
"Биз бул Ачык биринчиликти атайын кыргыздын улуттук оюндарынын бири болгон күрөш боюнча уюштуруп жатабыз, эң негизги максатыбыз Анкарадагы мекендештерибиздин башын бириктирип, ынтымакка чакыруу болуп саналат", - деп билдирди Онобасов.
Бардык катышуучулар үчүн мүчөлүк акы 10 түрк лирасын же 171 сомду түзөт.