Кыргыз дзюдочулары Японияда өтө турчу Grand Slam турнирине катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Tokyo Grand Slam-2017 турнири Токио шаарында 2-3-декабрда өтөт.
"Япониянын борбор шаарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 адамдан турган делегация барат. Курамда 8 спортчу жана улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Абдужалил Юнусов бар", - деп билдирди федерация.
Жалпы кыз-келиндер жана эркектер арасында 14 медалдар топтому ойнотулат. Бул турнирге 65 мамлекеттен келген 445 спортчу катышат.
Кыргыз курама командасы:
60 килограммга чейинки салмак ченинде - Отар Бестаев;
66 килограммга чейинки салмак ченинде - Артур Те жана Алмаз Алтынбек уулу;
73 килограммга чейинки салмак ченинде - Бектур Рысмамбетов жана Адиль Мырзаев;
81 килограммга чейинки салмак ченинде - Владимир Золоев жана Эрлан Шеров;
100 килограммдан жогору салмак ченинде - Юрий Краковецкий;
Башкы машыктыруучу - Абдужалил Юнусов;
Машыктыруучу - Сергей Мистрюков.